Финполдун кызматкерлери өз мекенин коргоого даяр экендиктерин, бирок Сыймык Жапыкеевсиз экендигин билдиришти
ЭКККМКнын экс-төрагасы мурдагы кол алдындагылар отурган актовый залына кирүүгө батына албагандыгы белгиленди
Мамлекеттик коопсуздук жана экономикалык кылмыштар боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Жоомарт Султанов каржы полициясынын өздүк курамы менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өз булактары кабарлашты.
Жыйынга мурдагы төрага Сыймык Жапыкеев дагы катышканы белгиленди. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Каржы полициясына мурунку лидер жолугушууга катышкысы келип жаткандыгын билдирди. Бирок Финансы полициясынын кызматкерлери ачууланып, Жапыкеевдин жетекчилиги астында эмес, каалаган убакта өз мекенин коргоого барууга даяр экендиктерин билдиришти. Белгилүү болгондой, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын экс-башчысын жыйынга киргизбей коюшкан. Натыйжада, жолугушуу Жапыкеевсиз өттү. Каржы полициясынын кызматкерлери буга чейин бир нерселерди чогултуп, президенттин тиешелүү буйругун күтүп жатышат.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www