Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди

Лейлек районунда 12 турак үй жана бир мектеп күйүп кетти

Баткен облусунун Ак-Сай, Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарына чукул кырдаал режими киргизилип, жергиликтүү тургундар коопсуз жайларга көчүрүлдү.

Эвакуацияланган адамдарга ысык тамак жана биринчи керектелүүчү буюмдар берилди.

Баткен районунун Ак-Сай, Кызыл-Жол жана Кевит айылдарынын жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлүп, 10дон ашык унаа жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 150дөн ашуун кызматкери эвакуацияланды. Жарандык коргонуунун райондук медициналык кызматынын 13 тез жардам унаасы жана транспорттук кызматтын 60спринтер тартылган.

Баткен облусунун Лейлек районунан 900 адам Баткен тарапка, ал эми Лейлек районунан 300 адам коопсуз жайларга жайгаштырылды, анын ичинен 200 адам жакын туугандары менен жайгаштырылды.

Баткен облусунун Лейлек районундагы күйүп кеткен үйлөр:
Кулунду айылында - 2 үй
Максат айылында -10 турак үй
Бардыгы: 12 үй

Социалдык объектилер:
-1 мектеп

Баткен району боюнча:
- 9 турак жай
- 10 май куюучу жай,
- 2 ресторан,
- 8 дүкөн,
- 1 REMI казино
- 1 чек ара заставасы

Ак-Сай айылында:
- ӨКМдин 1 өрт-куткаруу бөлүмү күйүп кетти.

КРнын ӨКМ пресс-борбору
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх