ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Баткен районунун тургундары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат
Милиция коомдук тартипти сактоо үчүн бардык чараларды көрөт
ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Баткен облустук милициясынын өздүк курамы жана министрликтин ички аскерлери менен бирдикте учурдагы абалды турукташтуруу боюнча иш-чараларын толугу менен координациялап жатат. Учурда ал Баткен районундагы Кызыл-Бел жана Достук айылдарындагы жергиликтүү тургандар менен жана элдик кошуундун мүчөлөрү менен абалды турукташтыруу максатында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүп, коомдук тартипти биргеликте сактоо багытында бардык тиешелүү чараларды көрүүдө. Ошондой эле жергиликтүү тургандар менен чек арага чектеш аймактарды дагы кыдырууда.
ИИМдин Басма сөз кызматы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз