Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Новиковдун төрагалыгы астында чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү

Саламаттыкты сактоо тутумунун ишин координациялоо, калкты эвакуациялоо жана жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү маселелери талкууланды

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков бүгүн, 30-апрелде, Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги учурдагы кырдаалды жөнгө салуу жана изилдөө боюнча жумушчу топтун отурумун өткөрдү.

Саламаттыкты сактоо тутумунун ишин координациялоо, калкты эвакуациялоо, жабыркагандарга медициналык жардам жана дары-дармектерди берүү маселелери талкууланды.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров менен болгон ыкчам жолугушууда биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги учурдагы кырдаалды жөнгө салуу жана изилдөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындалган.

Учурда биринчи вице-премьер-министр Баткен облусунда болуп, ага катышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялоодо.

Өкмөттүн басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх