Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Атайын өкүлү менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады
Питер Буриан ЕСтин кыргыз тарапка техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Бирлигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча телефон аркылуу сүйлөштү.
Казакбаев тараптар ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетишкенин жана кырдаалды сүйлөшүү столунда чечүүнү көздөп жаткандыгын жарыялады. Ал 2021-жылдын 29-апрелиндеги окуялардын жүрүшү жана Кыргызстандын чек ара аймактарындагы учурдагы абал жөнүндө маалымат берип, ошондой эле Бишкектин эл аралык жана эки тараптуу милдеттенмелер менен келишимдерге берилгендигин баса белгиледи.
Буриан тараптардын ок атышпоо келишимин жана Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча Протоколго кол коюусун кубаттады. Ошол эле учурда, ал кырдаалды тынчтык каналына өткөрүп берүүгө кыргыз тараптын салымын өзгөчө белгиледи. Элчи Буриан Европа Бирлигинин учурдагы аймактык жана эки тараптуу программалардын алкагында кыргыз тарапка техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
КРны ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www