Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 150 адам Баткен облусунда жабыркагандарга кан тапшырышты

Ар бир адам кан тапшыра алат. Процедурадан мурун майлуу, куурулган жана сүт азыктарынын бардыгын алып салуу керек

Баткен облусунун жана Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарына түшкөн жабырлануучулар үчүн жетиштүү көлөмдө кан жана анын компоненттери бар. Бирок каалаган бардык жарандар кан борборлоруна барып, жабыркагандарга кан тапшыра алаарын белгилеп кетким келет.

30-апрелде Республикалык кан борборунда 150гө жакын адам жабыркагандар үчүн кан тапшырышты.

Жабыркагандар үчүн кан тапшырууну каалаган жарандар төмөнкү дарекке кайрылышса болот: Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспектиси, 60. Республикалык кан борбору.

Иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума

8: 00дөн 14: 00гө чейин
ишемби күнү саат 8: 00дөн 11: 00гө чейин

Сиздин жанында паспортуңуз, айдоочулук күбөлүгүңүз же аскердик билетиңиз болушу керек.

Кан тапшыруу процедурасынан мурун майлуу, куурулган, сүт азыктарынын бардыгын алып салыңыз.

Аймактардагы бардык кан борборлору ушундай эле жол менен иштешет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх