Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Евробиримдиктин кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу боюнча билдирүүсү

ЕС белгилегендей, кырдаалды узак мөөнөттүү жана тынчтык жолу менен чечүүгө жетишүү үчүн ок атышпоо келишими кечиктирилбестен аткарылышы керек

Акыркы күндөрү көптөгөн жоготууларга учураган Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чыңалуунун олуттуу курчушу байкалды. Европа Биримдиги 29-апрелдеги ок атышпоо келишимин жана чек ара маселелерин саясий жөнгө салуу боюнча мындан аркы сүйлөшүүлөрдү кубаттайт. Европа Биримдиги акыркы күндөрдөгү зордук-зомбулукка өкүнүп, жакындарын жоготкондорго тилектеш экендигин билдирет.

Европа Биримдиги, анын ичинде Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү, Бишкек жана Дүйшөмбү, ошондой эле Брюсселдеги өкүлчүлүктөрү аркылуу эки өлкөнүн бийликтери менен туруктуу дипломатиялык байланыштар жүргүзүлүп турат. Бүгүн айрым жерлерде уланып жаткан кагылышууларды эске алганда, кырдаалды туруктуу жана тынчтык жолу менен чечүүгө жетишүү үчүн, ок атышпоо режими токтоосуз аткарылышы керек. Эки тарап тең келечектеги жаңжалдарды болтурбоо үчүн бардык чараларды көрүшү керек.

ЕБ, эгерде зарыл болсо, чек араны жана суу ресурстарын башкаруу боюнча аймактык программалары аркылуу техникалык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле Борбордук Азия боюнча ЕС Стратегиясынын негизги артыкчылыктуу багыттары болгон региондо туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылууга саясий колдоо көрсөтүүгө даяр.

ЕБнын КРдагы Өкүлчүлүгү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх