Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

Тараптар толугу менен ок атышууну токтотууну жана жаңжалдан жапа чеккен аймактардан аскерлерди чыгарып кетүүнү көздөп жатышат

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу аракеттери көрүлүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун Аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Эки тарап тең бири-бирине өз көз караштарын ачык билдирип, кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды көрүшүүдө.

Мурда макулдашылгандай, аймактардын башчылары биринчи кезекте ок атышууну толугу менен токтотууну жана өз аскерлерин жаңжалдан жапа чеккен аймактардан чыгарып кетүүнү көздөп жатышат.

Ошондой эле эки тараптан тең тосулган жолдорду ачуу жана каттамды калыбына келтирүү маселелери талкууланды.

Учурда аталган аймакта атышуу болгон жок деп белгиленди.


 Баткен облусу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх