­
Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти менен телефон аркылуу байланышты - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти менен телефон аркылуу байланышты

Мамлекет башчылары Душанбе шаарында бетме-бет жолугушуу өткөрүүнү макулдашышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-апрелде, Тажикистан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн өз ара урматтоо принциптеринин негизинде жана ынак коңшулук маанайда конструктивдүү диалог болду.

Мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаалды жана аны тез арада жөнгө салуу чараларын талкуулашты.

Садыр Жапаров кыргыз тарап мамлекеттер аралык маселелерди диалог жолу менен чечүүнү жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды туруктуу абалда сактап калууну колдой турганын баса белгиледи.

Президент Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтык мындан ары да кыргыз жана тажик элдеринин ортосундагы салттуу жана көп кылымдык достуктун, ынак коңшулуктун негизинде ыраттуу жана жемиштүү өнүгө берерине ишенимин билдирди.

Мамлекет башчылары учурдагы түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечип, үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышты.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрү эртең, 1-майда, Баткен облусунда өтөт.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх