Сооронбай Жээнбеков: Азыр элдин кайгысын колдонуп, сындап, өзүн-өзү жарнамал турган мезгил эмес
Экс-президент Баткен облусундагы жаңжалга байланыштуу мекендештерге кайрылуу жасады
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков жарандарды митингге чыгып, өлкө жетекчилигинин, чек арачылардын, укук коргоо органдарынын, Баткен шаарынын тургундарынын чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу аракеттерин колдоого чакырды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасында бөлүштү.
"Урматтуу мекендештерим!
Азыр баарыбыздын жүрөгүбүз Баткенибизде болуп жаткан окуялардан улам канталап турат.
Кайтыш болгон мекендештерибиздин бейишин тилейбиз. Алардын жакындарына көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз.
Жараат алган мекендештерибиз тезинен сакайып, айыгып кетсин.
Урматтуу мекендештерим, азыр чагымчылдыкка алдырбай, биримдикти баарынан жогору кое турган учур болуп турат.
Эл кайгысынын арты менен өз атын чыгарчу мезгил эмес.
Мамлекетибиздин жетекчилигинин, чек арачыларыбыздын, күч органдарынын, Баткендеги мекендештерибиздин аракетин жапырт колдойлу! Ыйык Орозо айында ар бирибиз сабырдуу бололу.
Чыр-чатакка эмне себеп болгонун иликтегенге убакыт болот. Азыр элди козутпайлы. Биздин жарандык негизги колдообуз - мына ушул.
Жараткан Кудай элибизге амандык, жерибизге тынчтык берсин!"
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз