Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК төрагаларынын жолугушуусу болуп өттү
Чек араларды делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн күнү макулдашылды
30-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимовдун ортосунда Кызыл-Бел өткөрүү пункту менен Гүлистон өткөрүү пунктунун ортосундагы бейтарап аймакта жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мамлекеттик комитеттин пресс-борбору билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу маселелери талкууланды. Натыйжада, тараптар бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө жана эки өлкөнүн чек ара аймактарынан 30-апрелде саат 13: 00дөн баштап эки өлкөнүн чек ара аймактарынан алардын туруктуу жайгаштыруу жайларына аскер күчтөрүнүн жана аскердик техникалардын бардык түрлөрүн өз ара алып кетүүнү баштоого каалоолорун жана даярдыгын билдиришти. .
Ошондой эле, Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын 2021-жылдын 1-майында өткөрүү чечими кабыл алынды.
Тажикстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Чек ара аскерлеринин командирлеринин жетекчилиги астында түзүлгөн келишимдердин аткарылышын камсыз кылуу максатында жумушчу топтор түзүлдү.
УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www