­
Улукбек Марипов: Баткен облусундагы окуялардан жоголгон документтер калыбына келтирилет - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улукбек Марипов: Баткен облусундагы окуялардан жоголгон документтер калыбына келтирилет

МКК тез арада документацияга муктаж жарандардын тизмесин түзүүнү тапшырды

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуянын кесепетинен документтери жоголгон же жок кылынган жарандарга өкмөт жардам көрсөтөт.

Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар бир катар көйгөйлөрдү жаратканын белгиледи.

«Бул милдеттерди тез арада чечүү жана кырдаалды жөнгө салууну камсыз кылуу максатында өлкө Президентинин тапшырмасы менен жабыркагандарга ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүүдө. Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматына тез арада жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда документтерге муктаж жарандардын тизмесин түзүү тапшырылды. Ушул максаттарда департамент тарабынан көчмө Коомдук тейлөө борборлору уюштурулат, алар документтерди тейлөө боюнча бардык зарыл техникалык жабдуулар менен жабдылган: туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү, паспорт. Ошондой эле унаа каражатын жана айдоочулук күбөлүктү каттоого жардам берилет ”, - деп ишендирди Марипов.

Өкмөттүн басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх