Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казак ишкери Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалды

Алмаз Ибрагимов коңшу республиканын экономикасын өнүктүрүүгө жигердүү катышкан

Казак ишкери Алмаз Ибрагимов коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жапаров буга чейин тиешелүү буйрукка кол койгон.

Алмаз Ибрагимов - Кыргыз ССРинин Ысык-Көл облусунда туулган. Көп жылдар бою ал Казакстандын ири өнөр жай ишканаларынын топ-менеджери болуп, ал жерде инновациялык долбоорду ишке ашырган.

Казакстандын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Алмаз Ибрагимов "Курмет" жана "Отан" ордендери менен сыйланган, ал ошондой эле 1 жана 3 даражадагы "Барыс" орденинин жана "Энбек даңкы" белгисинин ээси Казакстандын минералдык ресурстар академиясынын ардактуу академиги жана С.Торайгыров атындагы Павлодар мамлекеттик университетинин ардактуу профессору наамына ээ.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх