Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улукбек Марипов: Баткен облусу салык жеңилдиктерин камтыган өзгөчө статуска ээ болот

  • жолу 0 кароо

Өкмөт башчы үйүнөн айрылгандардын бардыгы үчүн жаңы үйлөр куруларын убада кылды. Жумуш суук түшкөнгө чейин бүтүрүүгө буйрук берилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Баткен облусуна өзгөчө статус берүү иретинде документ даярдады. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Көк-Таш (Төрт Көчө) айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди.

«Тийиштүү чечимге мен тарабынан кол коюлуп, парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Ал кабыл алынган соң, Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болот, анда салык жеңилдиктери да каралат», - деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы ошондой эле турак-жайлары талкаланган, же өрттөнгөн тургундардын бардыгына жаңы үйлөр курулаарын билдирди.

«Кеп Баткен районундагы – 30, ошондой эле Лейлек районундагы 70 турак-жай тууралуу жүрүүдө. Учурда комиссия эсептөөлөрдү жүргүзүүдө, ал ишин жыйынтыктаары менен курулуш иштери башталат. Биз суук түшкүчө бардык иштерди аякташыбыз керек»,- деп белгиледи Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, учурда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери улантылууда.

Өкмөттүн маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх