Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жеңиш Молдокматов ИИМге суракка чакырылды

Чакыруу кагазында кайсы учурда экендиги көрсөтүлгөн эмес

"Туран" саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов Ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Бул тууралуу саясатчы өзү Facebook социалдык тармагында жарыялады.

Чакыруу кагазында Молдокматов 6-майда Ички иштер министрлигине күбө катары чакырылганы айтылат. Кайсы учурга экени көрсөтүлгөн эмес.

Белгилей кетсек, Жеңиш Молдокматов азыркы бийликке оппозиционер.

Буга чейин Жеңиш Молдокматов жана анын шериги Тилекмат Күренов президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жаздырышкан. Анда алар Тажикстан менен чек арада болгон жаңжалга байланыштуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди кызматтан кетирүүнү сунуш кылышкан.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх