Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Суваналиев: Жакынкы арада менин жаңы иштеген жерим белгилүү болот

Баткен облусунун экс-башчысы Садыр Жапаров менен сүйлөшө электигин белгиледи

Жакын арада өкмөттүн Баткен облусундагы мурунку өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин жаңы иштеген жери белгилүү болот. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өзү билдирди.

Анын айтымында, кызматтан кетүү чечимин өкмөт кабыл алган.

- Кызматтан кетүү чечимин мен кабыл алган жокмун, - деп баса белгиледи Суваналиев. - Премьер-министр мага чалып, башка ишке өткөндүгүмө байланыштуу жумуштан бошотулгандыгым жөнүндө кабарлады. Жумуш кандай болоорун азырынча билбейм, бирок жакын арада белгилүү болот.

Мындан тышкары, Өмүрбек Исакович президент Садыр Жапаров менен азырынча жолуга электигин жана аны кызматтан алуу маселесин талкуулабагандыгын кошумчалады.

Эске салсак, 2021-жылдын 4-майында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кызматтан кеткени белгилүү болду.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх