Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Галина Байтерек: Садыр Жапаров Баткендиктер менен чын жүрөктөн сүйлөшкүсү келип, аны видеого тартып албоону суранды

Президенттин өкүлү видеотасмага тыюу салуу ар кандай чагымчыл аракеттерден алыс болууга жардам берет деп түшүндүрдү

Учурда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Баткен облусунда. Жарыяланган сүрөттөргө караганда, ал жабыркаган объектилерди карап чыгып, жергиликтүү тургундар менен сүйлөшөт.

Ал ортодо "Азаттык" маалымат агенттиги мамлекет башчы анын жергиликтүү тургундар менен жолугушуусун чагылдырган видео тасмаларга тыюу салганын кабарлады.

Өз кезегинде президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек Vesti.kg менен болгон маегинде мамлекет башчысы жасалма маалыматтардан алыс болуу үчүн баткендиктер менен «чын жүрөктөн» жана камерасыз сүйлөшүүнү каалагандыгын түшүндүрдү.

- Жапаров жаракат алгандар менен камерасыз жана чын жүрөктөн сүйлөшкүсү келди, - деп түшүндүрдү Байтерек. - Көп жарыяланган видеотасмалар чагымчыл максатта колдонуларын билесиз. Алардын көпчүлүгүн кээде туура эмес түшүнүп калышат. Президент популизмсиз жана ачык сүйлөшкүсү келди.

Ал Жапаровду сүрөткө тартууга уруксат берилген, бирок видеого тартууга тыюу салынган деп ишендирди.

Эске салсак, бүгүн Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жапа чеккен айылдарды кыдыруу үчүн Баткен облусуна учуп кеткен.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх