Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сыймык Жапыкеев: Биз эл аралык соттон утуп, тажик тарап бардыгын төлөп бериши керек эле

Финполдун мурунку башчысы биздин өлкөнүн Тажикстанга каршы дооматтарынан баш тартканына нааразы

Ысык-Көл облусунун мурдагы прокурору, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын экс-төрагасы Сыймык Жапыкеев Кыргызстан эл аралык сотто жеңишке жетип, тажик тарапты өлкөгө келтирилген бардык чыгымдарды төлөп берүүгө аргасыз кылган деп эсептейт. Бул тууралуу ал социалдык тармакта билдирди.

"Достор, бир эле мисал: эгерде кошунаңыз сиздин батирди каптап кетсе, анда ал келтирилген чыгымдарды толугу менен төлөп бериши керек жана оңдоп-түзөп бериши керек" дейт Жапыкеев. - Биздин кошунабыз бизди суу каптап гана тим болбостон, курал менен келип, үйүбүздү өрттөп жиберди, биз баардыгын өзүбүз кылабыз деп жатабыз. Муну түшүнүү өтө кыйын. Анда международный военный трибуналдын эмне кереги бар, ошолор толук иликтеп баасын бериши керек. . Эки адам урушса, бирок макул болуп, бири-бирине каршы милицияга арыз жазуудан баш тартышса, мен түшүнөт элем. Азыр мамлекеттер аралык жаңжал болуп жатат, биз баарын өзүбүз чечебиз, эч кимге дооматыбыз жок деген туура эмес.

Мурунку прокурор эл аралык сотту утуп алып, тажик тарапты баарына төлөп бериш керек деп эсептейт.

"Кыргыз эли аябай боорукер жана айкөлдүк менен жардам беришет" деп белгилейт ал. - Эл мамлекеттин милдеттерин өзүнө алды. Кыргызстандыктар гуманитардык жардам жеткирип жатышат. Бай адамдар Баткендиктерге үй салууга даярбыз деп жатышат. Бирок, чындыгында, өкмөт гуманитардык жардам жеткирип, келтирилген чыгымды төлөп бериши керек. Бул алардын жоопкерчилиги. Согушту жөнөкөй адамдар жасаган эмес. Эл аралык соттон утуп алып, тажик тараптын бардыгын төлөп бериши керек болчу.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх