Жеңиш Молдокматов: Акыйкаттык үчүн күрөш дагы деле алдыда!
Саясатчы убактылуу кармоочу жайдан дагы бир кат жазган
2020-жылдын октябрь окуяларына байланыштуу кармалган оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматов убактылуу кармоочу жайдан кат жазып, ал Facebook социалдык тармагында жарыяланды.
"Күрөш али алдыда!"
Урматтуу мекендештер!
Колдооңуздарга терең ыраазычылык билдирем! Туулган күнүмө карата айтылган жакшы тилектериңиздер үчүн рахматымды билдирем! Деги эле элимдин уул-кыздары абакта эмес азаттыкта ата-энеси, балдары менен жакшы маанайда күн өткөргөнүн жараткандан тилейм!
Колдоп, сүрөп, жакшыны тилеп турган элиме жаратканым жакшылыгынан берсин. Өлкөбүздө тынчылык, өнүгүү болсун! Бийликке колу таза, ниети ак, чыныгы мекенчил, мамлекетчил, билимдүү инсандар келишин каалайм.
Бул күндөр дагы өтөт...
Азаттык, адилеттүүлүк, мамлекеттүүлүк үчүн күрөш али алдыда!
Эске салсак, 6-майда Жеңиш Молдокматов 6 жана 9-октябрь окуялары боюнча суракка чакырылган. Ошол эле күнү кечинде ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын адвокаты Кантемир Турдалиев Молдокматовдун кармалышы мыйзамсыз болгонун айтты.
Сүрөт www