Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мухтар Аблязов: Путин кыргыздарга Тажикстан менен болгон аскердик чырдын автору экендигин айкын көрсөткөн (видео)

Казак олигархы Россиянын лидери Кыргыз Республикасындагы демократиялык өзгөрүүлөргө канааттанбайт деп эсептейт

Владимир Путин кыргыздарга ал Тажикстан менен болгон аскердик чыр-чатактын автору экендигин ачык айтты. Мындай пикирин Фейсбуктагы баракчасына казак оппозиционери, качкын олигарх Мухтар Аблязов бөлүштү.

Анын пикиринде, орус президенти кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак анын колунан чыккан иш экендигин жашырбайт.

"Путин кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы аскердик чыр-чатак анын жасаган иши экендигин жашырууга аракет кылбайт" деп жазат Аблязов. - Ал ачык-айкын белги берет - Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөргө канааттанган жок. Путин Россия, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан сыяктуу авторитардык жана мафиялык режим өкүм сүргөн өлкөлөр менен гана дос болот.

Саясатчы ошондой эле Владимир Путиндин Эмомали Рахмон менен кошо Москвадагы Жеңиш парадына чыгышы боюнча да комментарий берди.

"Кызыл аянтта Путин тажик президенти менен чогуу жүрүп, Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы аскердик чыр-чатакты өзү уюштургандыгын ачык көрсөттү" деди Аблязов. 

 

Канышай Балкыбекова

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх