Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги отуруму болуп өттү

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 5-9-майында Кыргыз Республикасынын Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.

Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Өкмөттүн маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх