Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бажы кызматкерлери банк кызматкерлери менен биргеликте ишкерге 40 миллион сомдук зыян келтиришкен

Прокуратура Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча иш козгогон

"М" ЖЧК директорунун өтүнүчү боюнча Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп, Мамлекеттик бажы кызматынын жооптуу кызматкерлери жана республиканын коммерциялык банктарынын биринин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттер аныкталды.

Ошентип, 2018-жылы  "М"ЖЧКcы банк аркылуу Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебине - "Импорттук бажы төлөмдөрү" менен 40 миллион сом которгон.

Бирок, банктын кызматкерлери белгисиз себептерден улам, көрсөтүлгөн сумманы “Импорттолгон товарларга КНС” белгиси менен башка эсепке которуп, белгиленген ЖЧКга жасалма төлөм тапшырмасын беришкен.

Андан ары, ЖЧК тарабынан 2018-жылы товарлар бажы органдары аркылуу жасалма төлөм тапшырмасы менен ташылып келген. Документтик көзөмөлгө жооптуу бажы кызматкерлери аларды каттоодо товарлар боюнча декларацияларды текшерген эмес, натыйжада тиешелүү ченемдик укуктук актылардын талаптары одоно бузулган.

Мындан тышкары, мыйзамдардын талаптарын бузуу менен, төлөмдөрдү эсепке алууга жооптуу бажы кызматкерлери 3 жыл бою бажы төлөмдөрүн чегерүү, которуу жана кайтарып берүү боюнча эсеп-кысап жүргүзүшкөн эмес жана көрсөтүлгөн ЖЧК менен бажы органдарынын ортосунда маалыматтарды ай сайын салыштырып текшерүү жүргүзүлгөн аткарылган жок.

Андан кийин, бажы органдары 2021-жылы март айында ЖЧК "М" га негизсиз айып пул үстөгүн эсептешкен, бул ишкердик субъектинин мыйзамдар менен корголгон укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген.

2021-жылдын 4-майында топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 233 (Коммерциялык же башка уюмдагы ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 359 (Документтерди бурмалоо) беренелери боюнча КЖБРге катталган. Сотко чейинки процесстер башталды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх