Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Эгерде Молдокматовдун айыптары өзгөртүлгөн болсо, анда Жапаров колонияга кайтарылып, Жээнбеков кызмат ордуна кайтарылышы керек"

Клара Сооронкулова бул логика "Биримдик" жана "Мекеним Кыргызстан" партияларына шайлоодогу жеңишин кайтарып берет деп эсептейт

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, экс-президенттикке талапкер Клара Сооронкулова Vesti.kg сайтына оппозиция лидери Жеңиш Молдокматовго коюлган айыптардын кайрадан квалификацияланышы жөнүндө комментарий берди. Ал 2020-жылдын октябрь айында башаламандык уюштурган деп айыпталууда.

Анын айтымында, эгер Октябрь окуясында кылмыштар жөнүндө сөз болуп жатса, анда Садыр Жапаров токтоосуз колонияга кайтарылып, экс-президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы болуп калыбына келтирилиши керек.

"Эгерде 5-6-октябрь окуялары кылмыш катары каралса, анда мыйзамга ылайык, Садыр Жапаров токтоосуз колонияга кайтарылып, Жээнбеков президент болуп кызматына кайтарылышы керек", - деп баса белгиледи Сооронкулова. - Эгерде ушул логиканы кармансак, анда "Биримдик" жана "Мекеним Кыргызстан" партиялары парламентте болуш керек. Бул учурда Жапаровду бошотууга күнөөлүүлөрдүн бардыгы жоопко тартылат.

Эскерте кетсек, оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовго козголгон иш кайрадан квалификациядан өтүп, эми ал массалык башаламандыктарды уюштурган деп айыпталууда.

Буга чейин ага Октябрь окуясында УКМКнын имаратын басып алган деген айып тагылган. Учурда саясатчы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх