Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сейид Атамбаев Акылбек Жапаровдон "крысадай" ишин токтотууну суранды

Мурунку президенттин уулу парламентарийге бир кезде ал мырза Атамбаевден кантип иш сураганын эске салды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейид Атамбаев парламенттин депутатына кайрылып, атасынан жумуш сураган эски күндөрдү эске салды.

Кичүү Атамбаев өзүнүн кайрылуусун Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.

«Акылбек Жапаров деген отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн бир киши бар. Улам бир келген бийликтин короосун шыпырып, эптеп бизнесин жасап, оокатын өткөрүп келет.
Бул киши учурда менин камакта жаткан атамды, экс-президент Алмазбек Атамбаевди "Кумтөргө" жабыштырып, курулай эле кара көө жаап, далилсиз маалымат таратты!

Акылбек Жапаров тээ илгери саясаттын босогосунда жүргөн кезинде Атамдын жумушуна чычкандай (серая мышка) болуп келип, эски костюм шымы менен, жумуш сурап, инимди садике чейин алпарып келчү эле байкуш болуп. Эй Акылбек Жапаров! Жашыңыз деле келип калды, "Крысадай" болгон иштериңизди токтотпойсузбу?! Ансыз деле жаштар сизди жек көрөт!

Илгери атам оппозицияда кезинде айылга жалдырап келчү эмес белеңиз. Ошондо оппозицияга батпай же Бакиевге батпай жүргөн кезиңиз болчу! Атама жалдырап жүрүп эле, кийин Бакиевке сатылып, "ваше превосходительство" болуп калдыңыз!

Биздин үйгө келип самоор кайнатып жүрдүңүз эле. Ошол күн эсиңизден чыгып калдыбы?!
Уятыңыз жок экен! Эми түрмөдө отурган кишини тепкилеп, шыбап жатасыз! Кыскасы эркек эмес экенсиз!" деп жазган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх