Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров: Кумтөр боюнча сот жараяны 28 күндөн 28 жылга чейин созулушу мүмкүн

Депутат юридикалык компаниянын кызматтары Кумтөрдүн дивиденддеринен төлөнөт деди

Бүгүн, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутат Акылбек Жапаров сотто мамлекеттин кызыкчылыгын коргой турган юридикалык компания менен келишимди ким төлөй тургандыгын айтты.

- Кумтөрдүн дивиденддеринен 1,5 миллион доллар бөлүнгөн, - деди депутат.- Алар жетишсиз болуп калышы мүмкүн, анткени сот жараяны 28 күндөн 28 жылга чейин созулушу мүмкүн. Юридикалык компания менен келишимди түздөн-түз “Кыргызалтын” түзгөн. Ачыгын айтканда, көптөгөн юридикалык компаниялар бонустардын негизинде иштешет. Биз мындай шарттарга макул болгубуз келет, бирок эл муну туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн.

Жапаров юридикалык компания менен түзүлгөн келишим коомчулукка жеткиликтүү болбой тургандыгын белгиледи. Бирок, юридикалык компаниянын кызмат көрсөтүүлөрүнүн чыгымдары жалпыга жеткиликтүү болот.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх