Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кумтөргө келтирилген зыяндын көлөмү 4 миллиард 250 миллион сомду түзөт

Акылбек Жапаров Талант Мамытовго бул сумма кандайча түзүлгөндүгүн түшүндүрүп берди

Бүгүн, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында төрага Талант Мамытов Мамлекеттик комиссиядан Кумтөргө келтирилген зыяндын жалпы суммасын атоону суранды.

Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы, депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, келтирилген чыгымдын жалпы көлөмү 4 миллиард 250 миллион сомду түздү.

"Экологиялык зыян үчүн сот аныктаган сумма 3 миллиард 206 миң сомду түзөт", - деди ал. - Салык бөлүгүнө коюлган доолор болжол менен 1 миллиард 366 миллион долларды түзөт.

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова белгилегендей, бул суммага суунун булганышы, ошондой эле айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөр кире элек.

Мындан тышкары, Талант Мамытов мөңгүлөрдү жок кылуу маселеси эл аралык мүнөзгө ээ экендигин баса белгиледи.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх