Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кабмин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кытайдан Баткен облусундагы талкаланган объектилерди калыбына келтирүүгө жардам сурайт

Кытайдын КРнын элчиси Ду Девен Кытай тарап бул маселени карай тургандыгын айтты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жылдыз Бакашова кытай тарапка Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясына каршы вакцина берүү менен көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бүгүнкү күндө Министрлер Кабинети үчүн калкты вакцинациялоо темпин жогорулатуу артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат. Кыргыз коомчулугу тараптан Кытайдан «Sinopharm» вакцинасынын гуманитардык жүк катары берилүүсү абдан жакшы кабыл алынды. Кытай тарапка Кыргызстанга акысыз негизде 150 миң доза көлөмүндө вакциналардын экинчи партиясын бөлүү чечими үчүн ыраазычылык билдиргим келет», - деди Жылдыз Бакашова.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары белгилегендей, кыргыз тарап Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кытай Өкмөтү тараптан көрсөтүлүп жаткан гранттык көмөктү жогору баалайт.

Учурдан пайдалануу менен кытай тарапка Кыргыз Республикасынын экономикасын колдоо үчүн 54 млн АКШ доллары суммасында грант бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдиргим келет», - деди Жылдыз Бакашова.

Ошондой эле ал Баткен облусунун чектеш айылдарында жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү иштери тууралуу маалымат берип, кытай тарапка кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын натыйжасында жабыркаган калкка көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал кытай тарапка Баткен облусунун инфраструктурасын жана социалдык объектилерин калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь белгилегендей, кыргыз-кытай кызматташтыгы жогорку деңгээлде турат, ал эми Кыргызстан жана Кытай ортосундагы салттуу достук коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаалга карабастан, чыңдалууда жана өнүгүүдө. Элчи кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы акыркы окуяларга токтолуп, кытай тарап Министрлер Кабинетинин инфраструктуралык же социалдык объектилерин калыбына келтирүүгө тийиштүү жардам көрсөтүү боюнча сунуштарын карап чыгарын белгиледи.

Элчи белгилегендей, жакында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кытай Эл Республикасына болгон расмий иш сапары жогорку деңгээлде өтүп, жемиштүү болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Кабминдин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх