Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековду экс-президент статусунан ажыратуу. Буга чейин канча кол топтолгон?
Каалоочулар Илбирс имаратындагы акцияны колдой алышат
5-февраль 2021-жылы Кыргызстандыктардын тобу Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековду экс-президент статусунан ажыратуу үчүн кол топтой башташкан.
Активист Чыңгыз Капаровдун айтымында, буга чейин 60 миң кол топтолгон.
"Экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеванын статусунан ажыратуу боюнча кол топтоо улантылууда", - деп баса белгилеген акциянын демилгечиси. - Бүгүнкү күндө 60 миң кол топтолду.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-февралында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына Сооронбай Жээнбековду экс-президенттин статусунан ажыратуу жол-жобосун тартип сакчылары демилгелеп жаткандыгы жөнүндө арыз менен кайрылган..
Эртеси экс-президент Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдун статусунан ажыратуу боюнча активист Чыңгыз Капаровдун демилгеси менен кол топтоо башталды.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www