Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жапаровдун Путин менен жолугушуусу 24-майда Сочиде болот

Россиянын Президенти кыргыз кесиптеши менен кандай маселелерди талкуулоону пландап жаткандыгын айтты

Бүгүн, 18-майда Россиянын Президенти Владимир Путин 23 жаңы элчинин ишеним грамоталарын кабыл алып, 24-майда Сочиде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жолугушарын билдирди. Бул тууралуу маалымат Кремлдин сайтында пайда болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Путин Россия менен Кыргызстанды жалпы тарых барактары бириктирип тургандыгын белгиледи.

"Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер бекемделүүдө" деди ал. - Биздин өлкөлөрдү жалпы тарых барактары бириктирип турат, биз өз ара ишенимди жана бири-бирибизге болгон сый-урматты сезебиз. Россия менен Кыргыз Республикасы соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда ийгиликтүү өз ара аракеттенишүүдө. Биз биргеликте евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө салым кошобуз. 24-майда Сочиде боло турган президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда ушул темалардын бардыгы боюнча мазмундуу баарлашабыз.

Владимир Путин 23 мамлекеттин жаңы элчилеринен, анын ичинде Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтан ишеним грамоталарын алгандыгы белгиленди.

Россия Федерациясынын башчысына ишеним грамоталарын тапшырып, расмий түрдө Россиядагы дипломатиялык миссияны баштаган.

Гүлнара-Клара Самат февраль айында республиканын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлү болуп дайындалган. Ага чейин ал Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх