Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын Бизнес Акыйкатчысы Кумтөрдө тышкы башкаруу киргизилгенине өкүнөт

Робин Орд-Смиттин алтын кенинин айланасындагы кырдаал боюнча билдирүүсү

Кыргызстандын Бизнес Акыйкатчысы Робин Орд-Смит ири инвестордун жана мамлекеттин өкүлдөрү өз ара келишпестиктерди тынчтык сүйлөшүүлөр жолу менен чече албагандыгын, натыйжада Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизилгенин өкүнүч менен белгилейт.

Бизнес Акыйкатчысы акыркы окуялардын өлкөнүн ишкердүүлүгүнө, ишкер чөйрөсүнө жана инвестициялык жагымдуулугуна тийгизген таасири жөнүндө бир нече жолу билдирген. Рынокто иштеп жаткан компаниялар, учурдагы жана потенциалдуу инвесторлор кырдаалдын, анын ичинде өз бизнесинин кесепеттери жөнүндө тынчсызданып жатышат. Учурдагы экономикалык кризистен чыгуу жана экономиканы калыбына келтирүү үчүн бизнес мыйзамдын үстөмдүгүнө жана мыйзамдуулуктун жол-жобосуна, ишкерлердин жана инвесторлордун укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары урматталган жана корголгон чөйрөнүн алдын-ала божомолдонушуна жана туруктуулугуна ишениши керек.

Бизнес Акыйкатчысы ушул акыркы баскычта дагы тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен маселени макулдашылган чечүүгө жетишет деп үмүттөнөт.

КРнын Бизнес Акыйкатчысы Институту
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх