Бишкек ШИИБнын жаңы башчысы Азамат Ногойбаев өздүк курамга тааныштырылды
Свердлов РИИБинин жаңы башчысы Азамат Байгазиев кызматына расмий киришти.
Бүгүн, Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Азамат Ногойбаев жана анын орун басары, милициянын полковниги Тилек Тюкебаевди шаардык милициянын өздүк курамына тааныштырды.
Урмамбетов белгилегендей, Ногойбаев ички иштер органдарында кызмат өтөп жатып, өзүнүн кызматтык милдеттерин өз деңгээлинде аткарып, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында иш алып барган, ошондой эле өзүн керектүү тажрыйбага ээ компетенттүү жана кесипкөй кызматкер катары көрсөткөн укук коргоо тутумундагы ишти уюштурууда.
Мындан тышкары, Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары Свердлов РИИБинин жаңы башчысы, милициянын полковниги Азамат Байгазиевди тааныштырды.
Октябрь Урмамбетов Бишкек шаардык милициясынын жаңы жетекчилерине жана бардык өздүк курамына мындан аркы жемиштүү кызмат өтөөнү жана шаардыктардын жана борбордун конокторунун күнү-түнү коомдук коопсуздугун каалады.
Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы
сүрөт www