Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бөлтүрүк: “Кумтөрдүн” кызматкерлеринин маянасы кыскарбайт

Анын айтымында тескерисинче, кызматкерлердин санын көбөйтүү пландалууда

Кумтөрдө иштегендердин айлык маянасы кыскартылбайт. Бул тууралуу Кумтөрдүн тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк маалымат жыйынында билдирди.

"Биз Centerra Gold Company тарабынан үзгүлтүккө учураган келишимдерди узарттык", - деди ал. - Азыр биз подрядчиктер менен сүйлөшүп жатабыз. Биздин каржылык агымдар бир жуманын ичинде калыбына келет. Ошондой эле айлык акы да беришибиз керек. 28-майда биз кызматкерлерибизге аванс төлөп бергибиз келет, ал эми 15-июнда алар эмгек акыларын толугу менен алышат. Кумтөрдө иштегендердин айлык маянасында эч кандай кыскартуу болбойт. Тескерисинче, кызматкерлердин санын көбөйтүүнү пландап жатабыз.

Мирайым Алмаспек кызы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх