Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутатка жергиликтүү кеңештин спикеринин кызмат ордуна талапкердин пайдасына добуш берүү үчүн 1000 доллар сунушталды

Акчаны которуп жаткан учурда укук коргоо кызматкерлери кармалышкан

Добуштарды сатып алуу фактысы боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгында сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Чүй облусунун райондорунун биринин жергиликтүү кеңешинин депутаты укук коргоо органдарына учурдагы мыйзамсыз аракеттерге байланыштуу чараларды көрүү жөнүндө арыз менен кайрылды.

Алынган маалыматка ылайык, жергиликтүү кеңештин бир катар депутаттары жергиликтүү кеңештин төрагасын (спикерин) шайлоого катышууну көздөгөн талапкердин пайдасына анын добушун пара берүүгө аракет кылышкан. Добушу үчүн ага 85000 сом өлчөмүндө акча сунушталды.

Бул факты КЖБРге  катталган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 192 (Добуштарды пара алуу) боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Бир күн мурун, 2021-жылдын 18-майында, зарыл болгон тергөө-оперативдик иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Чүй облусунун ИИББ менен биргеликте Тергөө кызматынын жана СПЕНМдин кызматкерлери Чүй облусу 700 доллар жана 25500 сом суммасында акча каражатын которгон учурда (арыз ээсине)  А.Г кармалган. Ал Чүй облустук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.
Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча иш боюнча соттолуучулардын ар биринин аракети менен укуктук баа берилет.

Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх