Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 500 миң сомдон ашык суммадагы бүтүмдөрдү банк аркылуу которуу жолу менен гана төлөө сунушталат

Экономика жана каржы министрлиги дал ушундай жол менен көмүскө экономика менен күрөшүүнү көздөп жатат

Экономика жана финансы министрлиги юридикалык жактарга бардык финансылык операцияларды банктык которуу жолу менен гана жүргүзүүнү милдеттендирүүнү сунуштайт. Эгерде юридикалык жак жеке ишкер менен 500 миң сомдон ашык бүтүм түзсө, акча каражаттарынын кыймылы дагы накталай эмес болушу керек. Мындан тышкары, накталай эмес эсептешүүлөрдү жеке адамдардын ортосунда жүргүзүлгөн 500 миң сомдон ашык суммадагы операцияларда колдонууга туура келет. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунун фонунда департамент акыркы жылдары эл аралык донорлордун колдоосу менен жүргүзүлгөн ар кандай изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстандагы көмүскө экономиканын көлөмү ИДПнын 30дан 39 пайызына чейин өзгөрүлүп тургандыгын белгилейт.

"Белгилүү болгондой, көмүскө (формалдуу эмес) экономика өлкөнүн экономикалык коопсуздугуна реалдуу коркунуч туудурат жана атаандаштык үчүн бирдей эмес шарттарды түзүп, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдө олуттуу тоскоолдук болуп саналат", - деп түшүндүрүштү документтин авторлору. - Бул терс көрүнүш салыктык базаны кыскартып, өлкөнүн бюджеттик чөйрөсүнүн туруксуздашына өбөлгө түзөт. Ченемдик укуктук актылар талаптагыдай аткарылбай жаткан аймакта бизнес структуралары укуктук колдоо таппай, өз ишин улантып, “көлөкөгө” түшүп жатышат.

Министрлик, кыймылсыз мүлктү сатып алууда жана сатууда эсептөөдө мыйзам ченемдүүлүгү дагы колдонула тургандыгын белгиледи. Эгерде акча накталай эмес төлөө жолу менен которулбаса, нотариустарга 500 миң сомдон ашык суммадагы бүтүмдөрдү каттоого тыюу салынат.

"Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгын эске алуу менен, мыйзам долбоорун киргизүү мөөнөтүн 2023-жылдын 1-январынан баштап аныктоо сунушталды", - деп департамент жыйынтыктады.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх