Камчыбек Ташиев УКМКнын жанына чогулган нааразы жарандарды кабыл алууга макул болду (видео)
Митингчилердин бири аларды нааразычылык акциясына чыгууга эмне түрткү болгонун айтып берди
УКМКнын имаратына чогулган нааразы жарандардын бири Vesti.kg сайтына эмне үчүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылууну чечишкенин айтты.
Анын айтымында, шектүүлөргө каршы иш козгогондо атайын кызмат адвокаттарды бербейт.
- Камчыбек Кыдыршаевич, сизге кайрылалы деп жатабыз, - деп кайрылды нааразычылык акциясынын катышуучусу. - Адвокаттар, эксперттер, прокурорлор жана соттор ыплас иштерди жасап, бардыгын өкмөткө жүктөгөнгө аракет кылып жатышат. Өкмөт адвокаттарга каражат бөлөт, абройлуу президент адвокаттарга акча берет. Бардыгын юристтер, эксперттер, прокурорлор жана соттор уурдап жатышат.
Белгилей кетсек, УКМКнын имаратынын жанына чогулган нааразы жарандарга мамлекеттик комитеттин кызматкерлеринин бири келип, аларды Ташиев кабыл алат деп айткан.
Анын айтымында, УКМКнын башчысы бүгүн саат 17: 00дө жарандар менен баарлашууга даяр.
Канышай Балкыбекова
Медина Купсулдаева
Сүрөт, видео Vesti.kg