Мелис Аспековго дагы бир иш козголгон. Ал алдамчылыкка айыпталууда
УКМКнын маалыматы боюнча, активист жаранды тууганын түрмөдөн чыгарам деп 15 миң доллар алган. Мындан тышкары, ал жабырлануучунун кызынын батирин ээлеп алган
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жарандан "Б.Л." аттуу билдирүү келип түшкөн. Мелис Аспековдун алдамчылык жолу менен, ал акыркысын алдап, 15 миң долларын алып тууганын түрмөдөн чыгаруу маселесин оң чечип берүүнү убада кылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө "Б.Л" кызынан дагы кайрылуу келип түшкөн, андан Аспеков ушундай эле жол менен күйөөсүн түрмөдөн чыгаруу маселесин чечүү шылтоосу менен батирге ээлик кылып алган, аны жубайына М.Нге кайрадан каттаткан.
Ушундан улам Аспековго карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204 (Алдамчылык) беренеси боюнчаБишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен Мелис Аспеков Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (СИЗО-1) №21 мекемесине камалды.
Учурда, тергөөнүн алкагында Аспековдун ушул сыяктуу дагы башка алдамчылык фактыларына тиешеси бар экендиги текшерилүүдө.
УКМК Мелис Аспековдун мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган бардык жабырлануучулардан Жибек-Жолу проспектиси 322 дарегиндеги коомдук кабылдамага же КР УКМКнын Өзгөчө кырдаалдар кызматына 0312 660475 телефону аркылуу кайрылууну суранат. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.
УКМКнын пресс-борбору
сүрөт www