Бишкек шаарынын райондорунун биринин мурдагы башкы архитектору аялына жер маселесин мыйзамсыз чечүүгө жардам берди
Чиновниктердин көмүскө чечимдин натыйжасында чиновниктин жубайы мораторийде болгон жер боюнча архитектуралык-техникалык корутундусун алган
Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы тарабынан "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын, борбордук мэриянын жер башкармалыгынын, Кадастр мамлекеттик мекемесинин шаардык бөлүмүнүн жана убактылуу кызмат көрсөтүү боюнча комиссиянын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жер берүү фактысы аныкталды.
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө борбор калаадагы райондордун биринин мурдагы башкы архитектору Ж.М. жогоруда аталган мамлекеттик уюмдардын жооптуу кызматкерлери менен тил табышып, Бишкек шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы токтому менен мораторий жарыяланган жерлердин ичинен мыйзамсыз түрдө аялы А.М.га карата архитектуралык-техникалык корутундусун даярдап, алууга көмөктөшкөн. .
Текшерүүнүн жыйынтыгында топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча КЖБРге катталды.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www