Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мэрияда балдардын көңүл ачуучу борборлорун ачуу маселеси талкууланды

Соода жана көңүл ачуу борборунун өкүлдөрү бардык санитардык талаптарга ылайык ачылууга даярбыз деп ишендиришти

Мэрияда балдардын көңүл ачуучу борборлорун ачуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, социалдык маселелер боюнча вице-мэрдин алдында Виктория Мозгачева Балдардын көңүл ачуу борборлорунун ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга "Технопарк",«Азия Молл», «Иллюзион», «Скай парк», «Бублик» өкүлдөрү катышты.

Тараптар алгоритмдерди жана бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды сактоону эске алуу менен ушул аймактарда ишин жандандыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Ассоциациянын өкүлдөрү бардык санитардык талаптарды сактоо менен ачууга даярбыз, ошондой эле кызматкерлерге эмдөө жүргүзөбүз деп ишендиришти.

Вице-мэр бул маселе шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын кезектеги отурумунда көтөрүлөрүн белгиледи.

Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калганы белгиленди. Үстүбүздөгү жылдын 27-майына карата коронавирустук инфекциянын жана пневмониянын 238 жаңы учуру катталып, 271 адам айыгып, үч адам бир күндө каза болду.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх