Балдарды коргоо күнүндө Бишкекте майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт
Мэрия концерттерди жана көргөзмөлөрдү уюштурат
Эл аралык балдарды коргоо күнүндө Бишкекте майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, 1-июндан 7-июнга чейин Байтик Баатыр көчөсү, 4а / 4 дарегинде жайгашкан №4 Балдар искусство мектебинде көркөм сүрөт бөлүмүнүн студенттеринин балдардын сүрөт көргөзмөсү өтөт.
Белгиленгендей, 1-июнда саат 10.00дө №7 Балдар искусство мектебинин концерттик залында (4-кичи район, 6/2), Балдарды коргоо күнүнө карата концерт болот; Чуйков музейинде(Чуйков көчөсү, 87) - Балдар Көркөм сүрөт мектеби менен биргеликте "Балдар дүйнө тартышат" көргөзмөсүнүн ачылышы; Чоң-Арык айылынын маданият үйүндө (Самойленко көчөсү, 2/1) - балдар үчүн майрам; саат 12.00дө шаардык "Диалог" маданият үйүнөн Фучик атындагы сейил бакта №2 Балдар искусство мектеби менен биргеликте майрамдык концерт болот.
Сүрөт www