Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады

УКМКнын башчысы белгилегендей, аскер кызматкерлеринин күчү менен биздин өлкөнүн тургундары өз үйлөрүндө тынч уктай алышат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын чек арачыларын кесиптик майрамы менен куттуктады.
“Урматтуу чек арачылар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Чек арачылар күнү менен куттуктайм!

Мамлекеттик чек араны кайтаруу биздин мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуунун жооптуу, татаал бөлүгү болуп саналат жана аскер бөлүктөрүнүн жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоону, терроризмге, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, аткезчиликке жана мыйзамсыз миграцияга каршы чараларды көрүүнү талап кылат.

Ал эми биздин мекендештерибиздин коопсуздугу сиздин милдетиңизди аткарууга болгон абийирдүүлүгүңүздөн көз каранды.

Сиздин эрдигиңиздин бир мисалы - өлкөнүн түштүгүндөгү чек ара аймагындагы чыр-чатак учурунда чек арачылар жана Чек ара кызматынын атайын багыттагы аскерлери сыноодон абийирдүүлүк менен көтөрүп өткөн окуялар.

Сиздин аракеттериңиздин аркасында биздин өлкөнүн эли өз үйлөрүндө тынч уктай алышат.

Биз сиздер менен сыймыктанабыз жана Кыргыз Республикасы үчүн жанын берген адамдардын элесине башыбызды ийип таазим кылабыз.

Сизге чың ден-соолук, ийгилик жана кызматта ийгиликтерди каалайм !!!

Урматтоо менен,
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы
Генерал-лейтенант К.К. Ташиев

УКМКнын пресс-борбору
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх