Футбол боюнча улуттук курама команда Бишкекте кыска мөөнөттүү машыгуу өткөрөт
Кыргызстан курама командасы Японияга июнь айында учуп кетет
Футбол боюнча улуттук курама команданын оюнчулары команда турган жерге келишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Бирлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, 31-майда жана 1-июнда команда Бишкекте кыска мөөнөттүү окуу-машыгуу өткөрөт. Июнь айында Кыргыз курама командасы 2022 FIFA Дүйнөлүк Чемпионатындагы беттештерге даярдануу үчүн Осака шаарына (Япония) учуп кетет.
Белгилей кетсек, биздин өлкөнүн курама командасы 2019-жылдын ноябрь айынан бери ойной элек.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз