ИИМ борбордук кеңсенин имаратын оңдоп-түзөөгө кайсы каражат жумшалгандыгына жооп берди
ИИМ калыбына келтирүү иштерин жергиликтүү ишкерлер өзүлөрү көтөрүп чыгышканы белгиленди
Ички иштер министрлиги эки айдан бери борбордук кеңсенин имаратын оңдоп жатат. Бүгүнкү күндө шаардыктар соода борборун элестеткен алыстан министрликтин сырткы көрүнүшүн көрө алышат.
Vesti.kg сайты Ички иштер министрлигинен ремонт иштерине кандай каражат коротулуп жаткандыгын сурады. Алар имарат 1974-жылдан бери оңдоодон өтө элек деп жооп беришкен.
- Азыр капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат, - дешти милициядан. - Имаратты калыбына келтирүүгө бюджеттик каражаттар коротулган жок. Ремонт иштерин жүргүзүү, курулуш материалдары менен камсыздоо жана жеке жумушчу күчүн тартуу боюнча жергиликтүү ишкерлер өзүлөрү демилге көтөрүштү. Имарат коопсуз жай болгондуктан, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү ИИМдин Финансы-экономикалык колдоо башкы башкармалыгы тарабынан толугу менен көзөмөлдөнүп турат.
Медина Купсулдаева
Сүрөт Vesti.kg