Бишкекте "Сапат" лицейинин негиздөөчүлөрүнүн бири жоголду
Жоголгон Орхан Инандыны издөө үчүн тергөө тобу түзүлдү
Бишкекте "Сапат" лицейинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанда жоголду. Тиешелүү маалыматты Vesti.kg сайтына милиция берген.
Белгилүү болгондой жаран Ю.К. атасын издеп кайрылган. Ал Lexus 470 автоунаасын айдап чыккан, акыркы жолу саат 18:00 чамасында байланышка чыккан боюнча дайынсыз.
Тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө көрсөтмөлөр жөнөтүлдү. ИИМ Орхан Инанданын жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жана издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз