Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери Балдарды коргоо күнүнө карата видео куттуктоо даярдашты (видео)

Укук коргоо кызматкерлери кичинекей кыргызстандыктарга жылмаюу, кубаныч жана бакыт каалады

Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата видео куттуктоо даярдашты. Куттуктоонун видео кайрылуусу - бул Балдарды коргоо күнү менен куттуктоо жана мектептеги бактылуу майрамдардын башталышы, көңүлдүү оюндар, жаңы ачылыштар жана таасирлер гана эмес, ошондой эле чоңдорго биздин балдар үчүн, алардын келечеги үчүн, ошондуктан чоң жоопкерчиликти эскертип турат. Өлкөнүн келечеги үчүн.

Балалык - бул ар бир адамдын жашоосундагы өзгөчө мезгил. Ушул жашта инсандык касиет калыптанат, ден-соолуктун пайдубалы түптөлөт. Өлкөдө үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоо, сапаттуу жана жеткиликтүү билим берүүнү жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон калууда. Демек баланын эң маанилүү укугун - татыктуу жана бактылуу балалыкты камсыз кылуу үчүн бардык аракеттер көрүлүшү керек.

Ар дайым балдарыбыздын жүзүнөн жылмаюу кетпесин, алардын көздөрү кубаныч жана бакыт менен нурлансын!

 

 

 

 

Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх