Курманкул Зулушев: Учурдагы иштеп жаткан кодекстер боюнча коомчулукта нааразычылыктар арбын
Бул тууралуу КРнын Башкы прокурору жаңы кодекстер боюнча өтүп жаткан жыйында билдирди
Бүгүн 2-июнда Бишкек шаарында Жазык процессуалдык, Бузуулар жөнүндө жана Жазык - аткаруу кодекстеринин долбоорун талкуулаган жыйын өтүүдө. Ага бир катар укук коргоочулар, парламент депутаттары, коомдук ишмерлер, юристтер жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда.
Жыйынды баштаган КРнын башкы прокурору Курманкул Зулушев 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген кодекстер иштеп баштаган күндөн бери, коомчулукта ар түрдүү сын-пикирлер айтылып жаткандыгын белгиледи. Зулушев мындай сындар карапайым калк тарабынан гана эмес, кодекстерди практикада түздөн-түз колдонуп жаткан соттор, юристтер, адвокаттар, прокурорлор, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана эч себепсиз ишмердүүлүгүнө камак салынып токтоп калган бизнес өкүлчүлүгү, укук коргоочулар өңдүү адисттер тарабынан да айтылып келгенин белгиледи.
Эң башкысы бул сын-пикирлердин көпчүлүгү негиздүү болууда - деди ал. Муну менен бирге өлкөнүн башкы көзөмөл органынын башчысы соттук укуктук реформанын алкагында жазык-сот системасында жигердүү жетишкендиктер да бар экенин айтып өттү.
Белгилей кетсек Кыргызстанда соттук укуктук реформа 2012-жылы башталып, 2017-жылы жаңы кодекстер менен мыйзамдар кабыл алынып, 2019-жылы иштей баштаган.
Башкы прокуратура тарабынан мындан бир ай мурда “Кылмыш-жаза, Жазык-процесстик жана Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекстеринин жаңы редакциясы жөнүндө”, ошондой эле “Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдардын долбоорлору демилгеленип, коомдук талкууга чыгарылган.
Гүлзат Иманова
Фото www