Бишкек мэриясы маршруттук таксилердеги кырдаал жөнгө салынганга чейин автобустарды ишке киргизди
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн муниципалитет кечирим сурайт
Урматтуу жарандар! Маршруттук таксилердин учурдагы абалына байланыштуу Бишкек мэриясы төрт автобусту ишке киргизди.
Унааны эл аралык "Манас" аэропорту камсыз кылат. Ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Кырдаал жөнгө салынмайынча, автобустар шаардыктарды 100 номурлуу автобус каттамы менен ташыйт.
Урматтуу жарандар! Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз