Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адвокат Токтакунова: Кайдагы гумандаштыруу принциби жөнүндө сөз кыла алабыз?

Таалайгүл Токтакунова жактоочулар эксперттик топко берген сунуштардын бири да эске алынбаганын айтты

Юрист Таалайгүл Токтакунова сунушталып жаткан жаңы кодекстер боюнча жыйында алар бул долбоорлорду иштеп чыгууга катышканын, бирок, анын жүрүшүндө алар берген сунуштардын бири да эске алынбаганын азыр көрүп жатканын билдирди.

"Жумушчу топтун катышуучусу катары айтарым, ооба, биз кодекстерди иштеп чыгууга катышканбыз. Бирок, жактоочулардын атынан биз деген сунуш-пикирдин бири да эске алынбаганын көрүп жатабыз. Мисалы, ошол эле адвокатура боюнча айтсам, эми эгерде жактоочу соттук териштирүүгө кандайдыр бир себептер менен 2 жолу катары менен келбесе, сот аны алмаштырууга укуктуу экен. Азыркы редакцияда жактоочу 5 жолу келбесе, соттук териштирүү жылдырылышы мүмкүн, эми болсо 2 жолу эле келбесе аны алмаштырып коюшат. Кээде соттук териштирүү 1, 2 же үч жылга чейин созулушу мүмкүн да. Бул жерде соттолуп жаткан жарандын укугу кайда, ал өзү каалаган жактоочу менен иштей албайбы? Кайдагы гумандаштыруу принциби?", деди ал.

Башкы прокуратуранын Мыйзамдарды экспертиза кылуу жана ишти уюштуруу башкармалыгынын ага прокурору Азизбек Шүкүрбеков бул суроого жооп берип, учурдагы редакцияда колдонулуп келген бул тажрыйбада жактоочулар ишти атайын создуктуруу үчүн соттук териштирүүгө келбей койгон учурлар көп катталарын, бул өзгөртүү ушундай жагдайларды жокко чыгаруу үчүн кабыл алынып жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкекте Башкы прокуратура тарабынан уюштурулган Жазык процессуалдык, Бузуулар жөнүндө жана Жазык аткаруу кодекстеринин долбоорун талкуулаган жыйын өтүүдө.

Гүлзат Иманова

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх