Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин Администрациясынын Жарандык комиссиясынын катчылыгы жарандарды сак болууга чакырат

Жарандык алууда ортомчулардын коррупцияга жана алдамчылыкка байланыштуу арыздары көбөйдү

Президенттин Администрациясынын Жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгы жарандарды сак болууга чакырат
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгы жарандык берүүгө байланыштуу маселелерде коррупциялык схемалар же коррупциялык көрүнүштөр боюнча фактылар болсо билдирип коюуну өтүнөт.

Акыркы учурларда жарандык берүү, жарандыкты калыбына келтирүү, КМШ өлкөлөрүнөн, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келгендерди туруктуу жашоо үчүн Кыргызстандын жарандыгына кабыл алууда ортомчулук менен алектенген жактар тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө, алдоолорго кабылган жарандардан даттануулар түшүп жатат.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелип, белгиленген тартипте күчүнө кирген келишимдер менен макулдашууларга жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга ылайык, катуу көзөмөлдө жөнгө салынарын белгилейбиз.

Ушуга байланыштуу Жарандык боюнча комиссиянын катчылыгы жарандардан өтө этият болууну жана абийирсиз жарандардын айла-амалдарына алдырбоону, кандайдыр бир коррупциялык көрүнүштөр болсо тиешелүү мамлекеттик органдарга токтоосуз билдирип коюуну өтүнөт.

 

КР УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын коомдук кабылдамаларынын даректери жана ишеним телефондору:

Бишкек ш., Жибек Жолу пр., 322, тел.: 0312 – 66 – 00 – 20

 

Баткен ш., Нургазиев көчөсү, 1, тел.: 03622 – 501 – 50

 

Ош ш., ул. Ленин көчөсү, 318, тел.: 03222 – 555 – 11

 

Жалал-Абад ш., Токтогул көчөсү, 55, тел.: 03722 – 555 – 35

 

Талас ш., Бердике баатыр көчөсү., 297, тел.: 03422 – 604 – 31

 

Каракол ш., Кутманалиев көчөсү, 148, тел.: 03922 – 538 – 79

 

Нарын ш., Ленин көчөсү, 78, тел.: 03522 – 514 – 58

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх