Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Самат Исабеков Бажы кызматынын башчылыгына дайындалды

Акылбек Жапаров жаңы төраганы буга чейин МТКнын жамаатына тааныштырган

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун 7-июндагы буйругу менен Самат Исабеков Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматына дайындалды.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Исабековду бажы кызматынын жамаатына тааныштырды.

1996-жылдан ушул убакка чейин Самат Сатарович Исабеков бажы органдарында иштеп, ар кандай ыкчам кызматтарда, анын ичинде жетекчи кызматтарда иштеген.

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх