Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Анкарадагы Ататүрктүн бейитине гүлчамбар койду

Кыргызстандын Президенти музейди көрүп чыкты, ошондой эле ардактуу коноктордун китебине эстелик жазуу калтырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, Түркия Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында «Аныткабир» мемориалдык комплексине — Түркия Республикасынын биринчи Президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган жерге барды.

Садыр Жапаров Түркиянын мамлекеттик жана саясий улуу ишмеринин бейитине гүлчамбар коюп, анын элесине таазим кылды.

Мамлекет башчысы мавзолейдин музейин көрүп чыгып, ардактуу меймандар китебине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

«Аныткабир» мемориалдык комплекси Мустафа Кемал Ататүрктүн мамлекетинин жана элинин алдында сиңирген эмгегине урмат көрсөтүүчү символу катары тургузулган. 750 чарчы метр аянтты ээлеген бул комплексте мавзолей, музей, парк жана башка объекттер бар.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх